Муфтият молдолордун бирдиктүү формасынын дизайнына сынак жарыялады

Дизайнер дин кызматкерлери үчүн жайкы, күзгү жана кышкы формалардын электрондук үлгүсүн даярдап чыгышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Дин кызматкерлеринин жайкы, күзгү жана кышкы формасынын дизайнын даярдоо боюнча конкурс старт алды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Талаптары:
дизайнды электрондук үлгүдө иштеп чыгуу;
ар бир мезгилге форманын кездемелеринин аталыштары жана түстөрү;
дин кызматкери, имамдар жана диний ишмердүүлүк жүргүзгөн жарандардын сый (параддык) кийими, ибадаттык кийиминин үлгүлөрүн иштеп чыгып, комиссияга сунуштоо;
кыргыз колоритине жана өзгөчөлүктөрүнө (м: орнаменти) төп келген же жакындатылган форматта иштелип чыгышы керек;
форма буга чейин журт башчы тарабынан демилгеленип, тиктирилип берилген формага үндөш болсо артыкчылык каралат;
үлгүлөр 2-августка чейин кабыл алынып, тандоо 5-август күнү саат 10:00дө муфтияттын залында өтөт.
Үлгүлөрдү жана маалыматтарды joldosh.abdulda@mail.ru электрондук дарегине жолдоо керек. Кененирээк маалымат үчүн +996 778 900 601 (WhatsApp) телефонуна кайрылууга болот.
Муфтий: деструктивдүү агымдар күчөп жатат, ага каршы илимий күрөш жүргүзүү зарыл