ЖМК: Харрис менен Трампты колдогондордун саны дээрлик бирдей

Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Камала Харрис атаандашы Дональд Трамптан алдыдагы шайлоодогу электораттын колдоо деңгээли боюнча Ак үйдүн азыркы башчысы Жозеф Байденге караганда азыраак артта. Бул туурасында РИА Новости The New York Times басылмасына таянып жазды.
Карай келгенде Трампты учурда америкалыктардын 48 пайызы, ал эми Харристи 47 пайызы колдоору байкалган.
Басылма кезектеги көрсөткүч демократтар үчүн Байдендин дебатка чыгышынан кийинки сурамжылоого караганда кадыресе өсүш экенин белгилеген. Муну менен катар эле Уолл-стриттеги финансисттер күздө болчу шайлоодо Харристи колдоого ыктап турушканы белгилүү болгону айтылды.
Талапкер айым мурдараак шайлоо кампаниясындагы видеосун жарыялаганн.
Камала Харрис түшүнүксүз сезимдерге туш болгонун билдирди