Фашисттерден куткарылган Нарва, Эстонияда унутулган эрдик

1944-жылдын 26-июлунда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Эстониянын Нарва шаары фашисттерден куткарылганы тарыхта маалым.
Sputnik
Калааны немецтер 1941-жылдын августунда басып алган.
Жылдар алмашып, бардык баалуулуктар саясатташты. 2022-жылдын 26-июлунда эстон бийлиги Нарва шаарына 1970-жылы орнотулган тарыхый эстеликти — Т-34 танкасын алып таштады. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун 25 жылдыгынын урматына коюлган эле.
2023-жылдын 26-июлунда Эстониянын полициясы шаардын тургундарына бул күндү майрамдоого тыюу салган. Социалдык тармакта белгилегендерге, куттуктагандарга, советтик символдорду баалуулук катары туткандарга айып салууну эскертип, коркутушкан.