Радио

Чороев: өлкөдө беш түрдөгү чөптү чогултууга тыюу салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биологиялык ар түрдүүлүк департаментинин өсүмдүктөр менен иштөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Чороев республикада беш түрдөгү дары чөптү чогултууга мораторий жарыяланганын айтты.
Sputnik
Министрлер кабинетинин № 270 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу (мораторий) салуу жөнүндө" токтому кабыл алынган. Ага ылайык, элдик медицинада дарылыгы бар деп эсептелген беш чөптү чогултууга болбойт. Бул тууралуу Бакыт Чороев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган өсүмдүктөрдү жергиликтүү калк коммерциялык эмес максатта, 2 килограммга чейин чогулта алат.
"Арнебия, макротония, башкача айтканда, эндиктин эки түрү, ясенец же эл оозундагы аталышы беш жылдыз, афлатун пиязы, аконит же болбосо уу коргошунду чогултууга үч жылдык тыюу салынды. Анткени бул чөптөр элдик медицинада дары катары колдонулгандыктан коммерциялык максатта өтө көп өлчөмдө терип саткандар арбыган. Жыйынтыгында аталган өсүмдүктөр жок болуп кетүү коркунучуна кептелген. Анткени сатып пайда көрүү максатында жүздөгөн килограмм чогултуп, табиятка 24 миллион сомго чукул зыян келтирген учурлар катталууда. Биз келтирилген чыгымды чогултулган өсүмдүктү беш эсеге жогорулатуу менен эсептеп чыгарабыз. Анткени бир килограмм кургатылган чөп алуу үчүн ал 4-5 килограмм өсүмдүктү тамыры менен казган болот. Мындай көрүнүштөргө канча сом өлчөмүндө айып салынбасын, өсүмдүк жок болуп кетүү коркунучуна жетип, табият зор чыгым тартып жатпайбы", — деди Чороев.
Ал өлкөдөгү өсүмдүктөрдүн корлорун эсептеп чыгуу, картага түшүрүү муктаждыгы турганын кошумчалады.