Бишкектик мугалим: россиялык педагогдордун методикасы мени таң калтырды

Англис тили мугалими Айтеңир Шабидинов "Евразиялык өзгөрүүлөр" эл аралык педагогикалык форумуна катышууда.
Sputnik
Ал КМШнын жүздөгөн башка мугалимдериндей эле Москвага окутуунун заманбап ыкмаларын үйрөнүү үчүн барды.
"Башка өлкөлөрдөн келген мугалимдер менен тажрыйба алмашуу чоң артыкчылык. Мисалы, биз Арменияда кандай методика, Молдовада кандай методика колдонуларын билбейбиз да. Алар да Кыргызстандагы ыкмаларды билишпейт. Биз тажрыйба алмашып жатабыз, бул бардык мугалимдер үчүн абдан маанилүү", — деди Шабидинов.