Бишкекте 30 мектеп саат 07:30дан баштап окууга өткөрүлөт. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкекте сентябрдан тарта 30 мектепте сабактар жарым саат эрте, тагыраагы, 7:30да башталарын мэриядан билдиришти.
Учурда борбордогу 103 мектепте 198 миң 129 бала окуйт. Анын ичинен 7 миң 842 бала Чүйдүн жакынкы райондорунан келишет.
"Жаңы окуу жылда 30 мектепте окуучуларды саат 7:30дан баштап окутуу пландалууда. Буга чейин шаардагы мектептердин 14үндө сабактар ушул учурда башталып келген", — деп айтылат маалыматта.
Ошентип, күздөн тарта иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42 же 44 пайызы эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлөрүн кошумчалашты.
Сабак төмөнкү мектептерде саат 7:30да башталмакчы:
6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, Лебединовкадагы №1 гимназия-мектеби.
Мындан тышкары, мэрия ата-энелерге автоунааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын, эреже бузгандарга айып пул салынып, эвакуатор алып кетерин эскертти.
Эске салсак, шаар бийлиги тыгындарды азайтуу максатында мектептерде саат 8:00гө чейин, ал эми училищелерде жана университеттерде саат 10дон кийин окууну баштоо каралган.
Бишкек мэриясы жол тыгыны менен күрөшүүнүн радикалдуу жолун сунуштады