Радио

Талипжан уулу: жумушчулардын укугун коргогон инспекторлордун саны аз болууда

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын башкармалыгынын башкы адиси Зарлык Талипжан уулу аталган мекемеге көбүнесе жумушчулар кайрыларын айтты.
Sputnik
Бизге көбүнчө ишке орношуп жатканда оозеки келишим түзүп алып, аны иш берүүчү аткарбай койгон учурда кайрылышат. Жумушка кирерде сөзсүз кагазга түшүрүлгөн эмгек келишимин түзүүнү эскерткенден тажабайбыз. Бул тууралуу Зарлык Талипжан уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иш берүүчүлөрдүн укугу бузулган учурлар да болот.
"Өзгөчө тейлөө тармагында же сезондук иштерде мыйзамдар так сактала бербейт. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге төлөнбөй калган эмгек акыны өндүрүп беребиз. Укугу бузулган мамлекеттик кызматкерлерден да кайрылуулар түшүп турат. Алардын көбү кызматынан мыйзамсыз ажыраганын айтып же эмгек өргүү маселеси боюнча келишет", — деди Талипжан уулу.
Ал ошондой эле эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөгөн органда болгону 30дай гана кызматкер бар экенин белгиледи.
"Айрым облустарда бирден гана инспектор иштейт. Мисалы, Таласта болгону бир инспекторубуз болсо, Ысык-Көл болусунда экөө, Ош облусуна бешөө каралган. Инспекторлордун санын көбөйтүү зарыл", — деди ал.
Адис эмгек укуктары бузулган учурда жарандар мекемеге барып, телефон чалып же социалдык тармактагы баракчалары аркылуу кайрылуу жолдошо аларын кошумчалады.