Алайдан ааламга жол — 18 жашында кесипкөйлөр арасында ММА боюнча дүйнө чемпиону болгон Алмагүл

Sputnik
Кыргызстанда акыркы жылдары ММА спортуна көп жаштар кызыгып баштады. Акырындык менен дүйнөдөгү ири спорттук уюмдардар менен келишим түзүп, ийгилик жараткан кыргызстандыктар көбөйдү. Алардын катарында кыздар дагы бар. Алмагул Жоробекова — Алайда төрөлүп, өскөн профессионалдар арасында эң жаш дүйнө чемпиону.
Спорттук карьерасынын башталышы, алгачкы мелдештери, коомдогу стеоритиптерди жеңүү, жаңы келишимдер тууралуу ММА спортчусу Алмагүл Жоробекова жана анын спорттогу менеджери Акылбек Токтогазы уулу айтып беришти.