Дыйкандын эмгегин бир күндө жалмап кетет - Жайында эгин талааларын өрттөн кантип сактоо керек?

Sputnik
Жай мезгилинде эгин талааларына коркунуч жараткан нерселердин бири бул өрт кырсыктары. Тилсиз жоодон өтө сак болбосо, дыйкандын жаз жана жай мезгилинде кылган мээнети бир күндө күлгө айланып калуу коркунучу бар. Баарыбызга белгилүү болгондой, Чүй өрөөнү дыйканчылык көп жүргүзүлгөн аймак. Айрыкча өрт кооптуулугу жогору болгон кылкандуу дан эгиндери көп эгилет. Буга байланыштуу, жайында эгин талааларын өрттөн кантип сактоо керек? Учурда бул багытта кандай иштер жүргүзүлгөн?
Ушул жана башка суроолорубузга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзмөлдөө кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эдил Ибраимов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сокулук району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Нурлан Мудинов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аламүдүн району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери Арген Акылов жооп берди.