Бишкекте саат 15:00. Жанылыктар чыгарылышы менен тааныштырып мкрафондо Арууке Амирдинова. Саламатсыздарбы! ЕАЭБ келишиминин алкагында 30 миңден ашык жаранга пенсия дайындалдыУкраина БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумуна катышуудан баш тарттыБийлик өкүлдөрү эки топко бөлүнүп аймактарды кыдырат. Эми кененирээк. Бийлик өкүлдөрү аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрөрүн министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1-августтан тартып өкмөт мүчөлөрү эки топко бөлүнүп аймактарды кыдырат. "Биринчи топту өкмөт башчынын орун басары Адылбек Касымалиев жетектейт. Бул топ Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрмөкчү. Экинчи топ өкмөт башчынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигинде Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында эл менен жолугат", — деп айтылат. Демилге Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашып жатканы кошумчаланды.
ЕАЭБдин пенсиялык камсыздоо боюнча келишимине ылайык, уюмга мүчө өлкөлөрдүн 30 миңден ашык жаранына пенсия дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты министри Бахыт Султанов билдиргенин "Российская газета" жазды. Келишимде ЕАЭБ мамлекеттеринин биринде иштегендер ошол жактан пенсия алары, башкача айтканда, мигранттардын башка өлкөдө иштегени пенсияга чыкканда эсепке алынары көрсөтүлгөн. Султановдун айтымында, ЕАЭБде аталган тармакты санариптештирүү уюмдун бир өлкөсүнөн экинчисине көчкөндөргө пенсия дайындоо убактысы кыскарат. Былтыр 9 миңден ашык адамга пенсия дайындалса, жалпы 30 миңден ашуун адам пенсия алган.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 5 медаль жеңди. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш ушул күндөрү Таиланддын Срирача шаарында өтүп жатат. Ошентип, Аскат Токтоматов 61 кг чейинки салмакта күмүш медалга ээ болду. Ал эми Аден Сакыбаев, Байтемир Түлөбердиев , Кутман Төлөбалдыев жана Сулде Донгак 3-орунду ээлешти. Курама команда машыктыруучу Алмазбек Аскаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Киевдин делегациясы Россия төрагалык кылып, Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги Украина армиясына Батыштын курал-жарак берүү маселеси талкууланган отурумга катышуудан баш тартканын Украинанын Тышкы иштер министрлиги билдирген. "Украина Россия төрагалык кылган БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуудан баш тартты. Муну Москва Киевге берилип жаткан аскердик жардамды талкуулап, айыптоо үчүн демилгелеген... Андыктан, Украинанын делегациясы Коопсуздук кеңештеги Советтер Союзунун ордун Россия мыйзамсыз баскандыгы боюнча өзүнүн принципиалдуу позициясын бекемдейт", — деп айтылган аталган өлкөнүн тышкы иштер боюнча ведомствосунун маалыматында. Киев бийлигинин делегациясы Коопсуздук кеңеште Россия төрагалык кылып турганда катышууга мүмкүн эмес деп эсептерин билдиришкен. Мурдараак Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасаган НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.