12 жылдык окуу системасына өтүүгө даярдыктар кандай?

Sputnik
2024-2025-окуу жылында орто мектептер 12 жылдык окуу системасына өтүүгө камынып турат. Этап-этабы менен өтө турган бул аракеттерге даярдык кзыуу жүрүп жатканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мында айрым предметтер кыскарса, кээ бирлери бириктирип окутулуп, жогорку класстын балдарына турмушка керектелүүчү сабактар окутулары айтылды. Бул жүргүзүлө турган реформага жалпысынан бюджеттен 26 миллиард сом талап кылынат. Окуу китептери даярбы? Башталгыч класстарды кабыл алууда орундар жетиштүүбү? Мугалимдер тиешелүү даярдыктан өтүштүбү?
Министрликке караштуу педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов суроолорубузга жооп берди.