Садыр Жапаров биринчи айым менен Парижге барды. Видео

Өлкө башчы "Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге" аталышындагы саммитке дагы катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге барды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын борту "Ле Бурже" эл аралык аэропортуна конду.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге барды

2 / 2

Мамлекет башчынын борту "Ле Бурже" эл аралык аэропортуна конду

"Сапардын алкагында президенттин "Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге" аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Жапаров Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапары менен бара турганы айтылган.
Олимпиада оюндары — 2024
Садыр Жапаров Олимпиадага барчу спортчулар менен жолугуп, желек тапшырды