Өзбекстан кыргызстандык студенттерге гранттык орундарды бөлдү

Керектүү документтерди үстүбүздөгү жылдын 15-августуна чейин тапшыруу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Өзбекстандын "Жибек Жолу" эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде окууну каалаган кыргызстандыктардын документтери кабыл алына баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматта аталган жогорку окуу жайы Кыргызстандын жарандары үчүн магистратура программасы боюнча төрт гранттык орун бөлгөнү айтылат.
Коңшу өлкөдөн билим алууну каалагандар каттоодон өтүп, керектүү документтерди үстүбүздөгү жылдын 15-августуна чейин сайтына жүктөшү керек.
Кытайдын ЖОЖдоруна Кыргызстандан абитуриент кабыл алуу башталды. Шарты