Небензя: Израиль АКШга таянып алып, тынчтык демилгелерди тоготпой келет

Россиялык өкүлдүн айтымында, Газанын аймагында бир суткада эле 37 палестиналык көз жуумп, 57си жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Израиль АКШнын ачык колдоосу менен БУУнун Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган бардык резолюцияларды жана ар кандай тынчтык чараларды тоготпой келе жатат. Мындай пикирин Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Василий Небензя өзүнүн Telegram каналына жазган.
Ал тогуз айдан бери Газа тилкесинде Израилдин кандуу операциясы уланып жатканын жана бейкүнөө 39 миң адамдын өмүрү кыйылганын белгиледи.
2023-жылдын 7-октябрынан тарта дүйнө коомчулугу менен эл аралык уюмдардын бирдиктүү позициясына карабай Израиль армиясы анклавда катаал "тазалоо" иштерин жүргүзүп келет.
Небензянын айтымында, Газанын аймагында бир суткада эле 37 палестиналык көз жуумп, 57си жаракат алган. Анклав урандылардын алдында калды, мектептер, үйлөр, ооруканалар талкаланды.
"Бирок Израиль Вашингтондун ачык колдоосу менен БУУнун Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган бардык резолюцияларды жана ар кандай тынчтык чараларды тоготпой келе жатат. Мунун ичинде кагаз жүзүндө гана калган "Байдендин планы" бар", — деген дипломат.
ЖМК: Израиль парламенти Палестина мамлекетин түзүүгө каршы добуш берди