Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан ЖКга мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

Мамлекет башчы тиешелүү органдарга шайлоого даярдануу, өткөрүү боюнча иштерди тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча мамлекет башчы Садыр Жапаров тиешелүү органдарга аталган өнөктүккө даярдануу, өткөрүү боюнча иштерди тапшырган.
Маалыматта эл өкүлүн тандоо 2024-жылдын 22-сентябрында болору айтылган.
Эске салсак, бул округдан 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Тазабек Икрамов 19-июлда өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган.
Мандатын тапшырган Тазабек Икрамов элге кайрылып, принциби тууралуу айтты