Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

Асаналиев ШКУ прокурорлорунун тажрыйба алмашуусу эмне берерин айтты

Асаналиев адам укугун жана эркиндигин коргоо дайыма көңүл борборунда болушу маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун тажрыйба алмашуусу жаңы технология жана санариптештирүүдөн улам пайда болгон кыйынчылыктарга жооп берүүгө жардам берерин башкы прокурор Максат Асаналиев айтты.
Ал белгилегендей, адам укугун жана эркиндигин коргоо дайыма көңүл борборунда кала бериши маанилүү.
Көзөмөл органынын жетекчиси мамлекет башчыларынын акыркы жолугушууларында 2024-жылды Шанхай кызматташтык уюмунда экология жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынганын эске салды.
"Быйыл ШКУ катчылыгынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилейбиз. Бул биздин кызматташтык жана тынчтык жолундагы аракеттерибиздин туруктуулугун айгинелейт", — деди Асаналиев.
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
РФ менен Кытайдын башкы прокурорлору кызматташуу программасына кол коюшту