ӨКМ кайрадан жамгыр жаап, сел жүрөрүн эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн ӨКМден билдиришти.
Мындай кооптуулук 25-июлдан 29-июлга чейин күн ысып, нөшөрлөгөн жамгыр күтүлгөнүнө байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшүнөн улам жаралары айтылган.
Министрлик төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти:
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды ыргытпаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арык болушу зарыл;
үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Селден жабыркагандар насыясын төлөөнү жеңилдетиш үчүн банкка кайрылса болот