Январдан берки сел кыргызстандыктарды 1,1 млрд. сом чыгымга учуратты

Жыл башынан бери селдин кесепетинен 22 адам каза тапты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жыл башынан берки сел элди 1,1 миллиард сомдук материалдык чыгымга учуратты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, жогорудагы суммага Ош менен Арсланбапты каптаган селдин кесепети кошулса, чыгымдын көлөмү мындан дагы жогорулайт.
2024-жылдын 24-июлуна карата Кыргызстанда жалпысынан 311 сел кырсыгы катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу абдан көп.
Суу 68 соцобъектини, 568 гектар айдоо аянттарын, 404 чакырым унаа жолдорун каптаган. Ошондой эле 869 мал-жандыкты, 69 көпүрөнү жана 87 унааны агызган. 76 үй авариялык абалда болсо, 86 үй оңдоого муктаж.
Тилекке каршы, селдин курмандыктары да катталды. Жыл башынан бери 22 адам (Ош облусунда 15, Ош шаарында 5, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден адам) каза тапты.
Жалпысынан жаратылыш жана техногендик кырсыктардан келтирилген зыяндын көлөмү 2 миллиард сомго бааланууда.
ӨКМ кайрадан жамгыр жаап, сел жүрөрүн эскертти