Беш адамга Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар наамы ыйгарылды

Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө байыртадан мамлекеттин түптөөчүлөрүн “аталар” деп атоо салты бар экени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевге Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар наамы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуп жатканына байланыштуу аты аталган инсандардын тарых алдындагы эмгегин баалоо максатында улуттук лидерлерди журт атасы (Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар) катары таануу токтом кылынган.

“Ушул адамдар кыргыз эли тили, маданияты жана тарыхы менен өз мамлекетин Борбордук Азиянын башка элдери менен бирдей түзүүгө толук укуктуу экендигин ынанымдуу жана жүйөлүү далилдер менен далилдешип, ХХ кылымдагы жаңы мамлекеттүүлүктүн башатында болушту. Бирок бул наам өлкөбүздүн башка көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин мекен алдындагы эмгегин эч кемите албайт”, — деп айтылган маалыматта.

Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө байыртадан мамлекеттин түптөөчүлөрүн “аталар” деп атоо салты бар экени белгиленген. Алардын арасында жол башчылар, жетекчилер, көрүнүктүү башкаруучулар, саясатчылар, аскер адамдары, өз элинин патриоттору, ошондой эле тарыхый окуялардын катышуучулары — мамлекеттин калыптанышына чогуу салым кошкон карапайым адамдар болгону кошумчаланды.
Кара-Кыргыз автоном облусу. Кылымдардан соң калыбына келген кыргыз мамлекети