Садыр Жапаров Улуттук инвестициялык фонд жөнүндө мыйзамга кол койду

Фонддун капиталы министрлер кабинети тарабынан түзүлүп, акциялар башкаруу органдын чечими менен төлөнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Улуттук инвестициялык фонд жөнүндө" мыйзамга кол койгонун анын маалымат кызматынан билдиришти.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кабыл алынган. Максаты — мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ишин жакшыртып, эл аралык рынокко чыгарып, инвестиция тартуу.
Мыйзам фонддун укуктук статусун, анын ишин жөнгө салуунун тартибин аныктайт.
Фонддун капиталы анын акцияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында министрлер кабинети тарабынан түзүлөт. Ал эми акциялар башкаруу органдын чечими менен бекитилген тартипте төлөнөт.
"Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө башка чарбалык жана/же акционердик коомдордогу акциялар (катышуу үлүштөрү), мүлктүк комплекстер жана мамлекетке таандык башка мүлктөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө эсебине өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик менчик объектилерин, анын ичинде стратегиялык объектилерди пайдалануу жөнүндө чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат", — деп жазылган маалыматта.
Фонд жана анын туунду компаниялары өлкөнүн мамлекеттик программаларын ишке ашырууга катыша алары айтылган.
Жапаров Улуттук инвестициялык фонд тууралуу: дүйнөлүк тажрыйбаларды колдонобуз