Мыйзамга кол коюлду. Кыргызстанда эми Аталар күнү да белгиленмей болду

Өлкөдө президенттин жарлыгы менен 2012-жылдан тартып Энелер күнү белгиленип келген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Аталар күнүн, Энелер күнүн белгилөө жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ага ылайык, жыл сайын 15-мартта Аталар күнү жана майдын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү белгиленет.
"Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанытууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек өлкөдө 2012-жылдан тартып Энелер күнү белгиленип келет. Бирок ал президенттин жарлыгы менен гана бекитилген.
Депутат 15-мартты Аталар күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштады