Тик учактар кайда? ӨКМ жетекчиси куткаруучуларды сындагандарга жооп берди

Министр сел учурунда тик учактар, техникалар кайда болгон, ӨКМ качан тоет деген сыяктуу сындарга жооп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев куткаруучулардын сел учурундагы акыркы аракеттерине карата айтылган сындарга брифинг учурунда жооп берди.
Төмөндө анын бир нече суроого берген жоопторун кыскача беребиз.

ӨКМдин кызматкерлери кайда?

ӨКМдин ар бир айылда, ар бир үйдүн жанында куткаруучулары жок. Эгер сизде көйгөй жаралса биз заматта ошол жерде болуп кала албайбыз.
Селден кийин 1 300 адам жана 160 унаа Ноокаттагы жайлоодо калып кеткен. Алар тоодо болгондуктан байланышка чыга алышкан эмес. Эң жакын деген куткаруучулар Ош шаарында жайгашкан. Алар дароо эле жерине жөнөшкөн, бирок байланыштын жоктугунан кээ бирлер чуу салып ийди.

ӨКМдин техникасы кайда?

Оор техниканы жолу татаал аймактарга алып баруу беш же 30 мүнөттүк иш эмес. Убакытты талап кылат.

ӨКМдин тик учактары кайда?

Тик учак алты гана адамды батыра алат. Ондон эсептеген күндө да 1 300 кишини эвакуациялоо үчүн 130 рейс жасаш керек. Буга жетишүү мүмкүн эмес. Фантастикаларды сүйлөбөйлүчү! Сел учурунда дайыма ала булут каптап, жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындай шартта уча албайсың. Тик учак аба ырайы жакшырганда гана жөнөп кетти.

ӨКМ качан тоет?

Кээ бир "эксперттер" бизди гуманитардык жардамды уурдаган деп айыптап жатышат. Биз жүктү гана кабыл алып, акыркы данына чейин жергиликтүү бийликке өткөрүп беребиз. Бул гуманитардык жардамды таратпайбыз.
Январдан берки сел кыргызстандыктарды 1,1 млрд. сом чыгымга учуратты