Бул рекорд! Беш айда Кыргызстан 22,5 тонна күмүш саткан

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстан январь-май айларында 22 тонна 479,1 килограмм күмүш экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Жалпы наркы 17,7 миллион долларды түзүп, бул 2018-жылдан берки рекорддук көрсөткүч катары катталды.
2023-жылдын ушул мезгилине карата өлкөдөн 312,9 килограмм күмүш экспорттолгон.
Сатып алуучу өлкөлөр:
1.
Индия — 21 тонна 733,2 килограмм (апрелде сатылган);
2.
Гонконг (КЭРдин өзгөчө административдик аймагы) — 587 килограмм;
3.
Швейцария — 158,9 килограмм.
Мындан тышкары, беш айдагы экспорттун көлөмү буга чейинки жылдык көрсөткүчтөрдөн ашып кетти:
1.
2023 — 724,3 килограмм;
2.
2022 — 707 килограмм;
3.
2021 — 3 тонна 838,6 килограмм;
4.
2020 — 12 тонна 120,2 килограмм;
5.
2019 — 8 тонна 344,9 килограмм;
6.
2018 — 8 тонна 462,5 килограмм.
Улуттук банктын июндагы валюталык интервенциялары резервдерге кандай таасир этти?