Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

Бишкекте ШКУнун башкы прокурорлорунун 22-жыйыны башталды

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 22-жыйыны башталды.
Иш-чарага уюмга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлору, ошондой эле ШКУнун катчылыгынын, аймактык антитеррордук түзүмүнүн жана Прокурорлордун эл аралык ассоциациясынын жетекчилери катышууда.
Аталган жыйынга быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.
Катышуучулар ШКУ өлкөлөрү туш болгон чакырыктарга каршы туруу жаатында тажрыйба алмашууну талкуулашат. Ошондой эле башкы прокурорлор санариптештирүү шартында адам укуктарын коргоону камсыздоо боюнча биргелешкен стратегияларды иштеп чыгышат.
Эске салсак, ага Казакстан, Россия, Кытай, Индия, Пакистан Иран, Беларусь, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мүчө.
Кыргызстан 23 жыл мурда ШКУга кирген. Тарыхый видео