Бишкектеги мектептерде сабакты 8:00дөн эрте баштоого уруксат берилди

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкекте мектептерде саат 8:00гө чейин окуу процессин баштоого уруксат берилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Буга чейин санитардык талап жана эреже боюнча орто билим берүү мекемелеринде сабактар саат 8:00дөн кийин башталышы керектиги бекитилген. Ошол норма эми өзгөртүлдү.
Мындан тышкары, училищелерде жана университеттерде окуу саат 10дон кийин гана башталары белгиленген. Бул талап аскердик жана укук коргоо органдарынын системасына кирген орто жана жогорку кесиптик билим берген жайларга тиешеси жок.
Буга чейин мэрия сабактарды саат 7:00дө баштоону сунуштаган.
Бишкек мэриясы жол тыгыны менен күрөшүүнүн радикалдуу жолун сунуштады