Бишкекте коомдук транспортто чет элдик жаран каза болду

Кырсык эмнеден улам болгонун аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкектеги коомдук транспортто чет элдик жаран каза болуп калган. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
24-июлда болжол менен саат 11:47де 102 кызматына кайрылуу түшкөн. Анда Үмөталиев көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишинде коомдук транспортто бараткан адам кайтыш болгону айтылган.
Факт каттоого алынып, текшерүү жүргүзүлгөн. Маркумдун 54 жаштагы чет элдик жаран экени аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, күбөлөр суралган.
Милициядан учурда бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын айтышты.
Ошто мурдагы төрт аткаминер камакка алынды. Себеби