Афганстандан чыккан суусундуктар эми Бишкектин дүкөндөрүнөн алынууда

Текшерүү жүргүзүлүп дүкөн текчелеринен 7 миң 356 даана суусундук алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Афганстанда жасалган "Золотая жизнь" суусундугу Бишкектеги дүкөндөрдөн сатыктан алынууда. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мекеме текшерүү жүргүзүп дүкөн текчелеринен 7 миң 356 даана суусундукту алган.
Буга чейин мекеме аталган суусундуктун курамында балдардын жүрүм-турумуна жана көңүл буруусуна терс таасир тийгизген азорубин Е 122 боегу бар экенин маалымдап, ага ылайык, Ош мэриясы аталган продукцияны сатыктан алган.
Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөгөн атайын орган жок. Адистин маеги