Быйыл буудай менен арпанын түшүмдүүлүгү кандай экени айтылды

Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда оруп-жыюу иштери кызуу жүрүп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 94,7 пайызы жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оруп-жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарында гана баштала элек. Республика боюнча 152,4 миң гектар арпа, буудай чабылган.
Түшүмдүүлүк боюнча көрсөткүчтөр:
кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү — гектарына 29,2 центнер (былтыркыдан 12,5 центнерге көп);
жалпы дүң түшүмү бункердик салмак менен алганда — 444,8 миң тонна (175 миң тоннага көп);
73,2 миң гектар буудай чабылып, орточо түшүмдүүлүгү — гектарына 31,3 центнер (11,2 центнерге көп);
79,2 миң гектар арпа жыйналып, орточо түшүмдүүлүгү — гектарына 27,2 центнер (13,7 центнерге көп).
Ошондой эле учурда жашылча, бакча өсүмдүктөрү жана картошка жыйноо иштери да кызуу жүрүп жатканы кошумчаланды.
Оруп-жыюу иштерине канча комбайн даяр экени айтылды