Кыргыз-орус окумуштуулары кыргыздар менен алтайлыктардын турмушун изилдеди

Экспедицияга эки өлкөнүн университеттеринен, академиялык жана музей уюмдарынан этнографтар, этносоциологдор, тарыхчылар жана фольклорчулар катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Оштун Кара-Кулжа районунда "Чоң Алтай: Алтайдан Алайкууга чейин" аттуу эл аралык этнографиялык экспедиция иш жүргүздү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Оштун Кара-Кулжа районунда "Чоң Алтай: Алтайдан Алайкууга чейин" аттуу эл аралык этнографиялык экспедиция иш жүргүздү

2 / 3

Экспедицияга Россиянын жана Кыргызстандын ЖОЖдорунан, академиялык жана музей уюмдарынан этнографтар, этносоциологдор, тарыхчылар жана фольклорчулар катышты

3 / 3

Экспедициянын жүрүшүндө этнографтар кыргыз жана алтай элинин чарбалык түзүлүшүн, материалдык жана руханий маданиятын изилдеп, алардын салттуу маданиятынын калган элементтерин жазып алышкан

Экспедицияга Россиянын жана Кыргызстандын ЖОЖдорунан, академиялык жана музей уюмдарынан этнографтар, этносоциологдор, тарыхчылар жана фольклорчулар катышты.
Алтай мамлекеттик университетинин Тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору Иван Назаровдун айтымында, бул — "Чоң Алтайдын түрк дүйнөсү" долбоорунун алкагында кыргызстандык кесиптештер менен жасалган бешинчи экспедиция. Буга чейин мындай иш-чаралар 2021-жылы Ысык-Көл жана Нарын облустарында, 2022-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон. Ошол эле жылы Алтайда дагы ушундай экспедиция жасалган.
"2023-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда ишибизди уланттык. Быйыл Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө экспедиция өткөрдүк", — деди окумуштуу.
Экспедициянын жүрүшүндө этнографтар кыргыз жана алтай элинин чарбалык түзүлүшүн, материалдык жана руханий маданиятын изилдеп, алардын салттуу маданиятынын калган элементтерин жазып алышкан. Ошондой эле этникалык салттарды сактоонун жана өнүктүрүүнүн заманбап практикасы менен таанышышкан.
Үстүбүздөгү жылдын август айында Алтай Республикасында экспедициялык изилдөөлөр улантылат.
Бишкекте кара тумоо боюнча россиялык даректүү тасма көрсөтүлөт