"Экинчи мөөнөткө татыктуу болчумун". Байден элине кайрылды

Ал америкалык демократия үчүн өзүнүн жеке амбицияларын садага чапкандыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден өзүнүн элине атайын кайрылуу менен чыгып, экинчи жолку президенттикке татыктуу болчумун деген маанайдагы пикирин айтканын РИА Новости жазды.
Ал америкалык демократия үчүн өзүнүн жеке амбицияларын садага чапкандыгын белгилеген.
"Акыркы апталарда бул өтө маанилүү учурда өзүмдүн партиямды бириктирүүм керек экенин айкын сезип жатам. Президент катары жетишкендиктерим, дүйнөдөгү лидерлигим жана Американын келечеги боюнча көз карашым экинчи мөөнөткө калууга татыктуу экенимди көрсөтөт, бирок демократиябызды сактоого эч нерсе, анын ичинде биздин жеке амбицияларыбыз да тоскоол болбошу керек", — деген ал.
Президенттин бул айткандарын америкалык телеканалдар көрсөткөн.
Ал талапкер Харрис тууралуу пикирин да айткан.
"Камала Харрис тажрыйбалуу. Катаал. Жөндөмдүү. Мен үчүн болуп көрбөгөндөй өнөктөш болду. Эми өзүңөр тандап алгыла", — деп кошумчалаган ал.
Эске салсак, Байден 2024-жылдын 21-июлунда президенттик жарыштан баш тарта турганын жар салып, вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдоорун айткан.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.
"Башталды". Пушков Харристен улам партиялаштардын арасында ажырым жаралганын айтты