Радио

Чериков: аскерге баргысы келгендер көбөйүп бир орунга 7-8 талапкер болууда

Улуттук гвардиянын кол башчысынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары, гвардиянын полковниги Дубанбек Чериков аскерлерге жакшы шарт түзүлгөндүгүн, мекен алдындагы милдетин аткарууну каалагандар көбөйгөнүн айтты.
Sputnik
Мурда аскерден калуу үчүн жол издегендер көп болсо, азыр, тескерисинче, кызмат өтөө үчүн тааныш-билиш издегендер көбөйдү. Бул тууралуу Дубанбек Чериков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатканда айтты.
Анын пикиринде, мекен сакчыларына түзүлгөн жакшы шарт бул тармактын аброюн арттырды.
"Көп адамдар Улуттук гвардиянын аскерлери конок тосуп эле аба майданында жүрөт деп ойлошот, бирок андай эмес. Башкы милдет — мамлекеттин эгемендигин, бүтүндүгүн коргоо. Ал үчүн көп нерсе талап кылынат, ошонун ичинде кадимки күжүрмөн даярдык бар. Улуттук гвардиянын курамында Ардак күзөттөгүлөрдөн сырткары, кайтаруу иштерин жүргүзгөн бөлүк, ошондой эле атайын багыттагы аскер бөлүгү бар. Керек учурда Улуттук гвардия кадимкидей күжүрмөн милдеттерди аткарат, кооптуу кырдаалдардагы өзгөчө кызматы үчүн атайын сыйлыкка татыган кызматкерлер бар. Азыр жалпы аскер бөлүктөрүндө, ошонун ичинде Улуттук гвардияда дагы кызмат өтөгүсү келгендер көбөйдү. Талапкерлер көп болгондуктан кадимкидей сынак пайда болду десем болот. Ачыгын айтсак, мурда "аскерден калып калайын" деп тааныш издесе, азыр, тескерисинче, "барайын" деп тааныш издегендер көбөйдү. Бир орунга 7-8 талапкер болуп, сынак жаралып кетип жатат. Азыр бардык аскер бөлүктөрдө ушундай көрүнүш. Мунун себептери көп, аскерлерге түзүлгөн шарттардын жакшырганы, маяналардын көтөрүлгөнү түрткү болуп жатат. Бизде бир жылга келет, ошол аралыкта эки жолу форма киет. Тамак, кийим тартыштыгы жок. Кызмат өтөп жаткан аскерлерди мамлекет ийне-жибине чейин камсыз кылат. "Биз колбаса, сырды майрамдарда жейбиз, силер күндө жейсиңер" деп жоокерлерди тамашалайбыз", — деди Чериков.
Ошондой эле ал жоокерлердин арасында келишим менен калгандар, офицер болуу үчүн окууга тапшыргандар көп экендигин кошумчалады.
Тема боюнча:
"Мурда ишиң эмне дешчү, азыр көз караш өзгөрдү". Өрт өчүрүүчү дыйкан тууралуу