Радио

Аттокуров: телефон алдамчылыгына кабылгандардын көбү — бишкектиктер

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполковниги Азамат Аттокуров телефон алдамчыларынын негизги курмандыктары көбүнчө Бишкек шаарынын тургундары экенин айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө Бишкек боюнча алдамчылардын тузагына кабылган 888 адамдан кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу Азамат Аттокуров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, технологиянын өнүгүүсү менен шылуундуктун түрлөрү жана алардын ыкмалары көбөйдү.
"Өлкөдөгү алдамчылыктын 98 пайызы Бишкекке туура келет. Свердлов району боюнча 233, Биринчи май районунан 211, Октябрь районунан 288 жана Ленин районунун 151 тургунунан билдирүү түшкөн. Учурда мындай кылмышка шектүү катары үч киши кармалды. Ошондой эле кылмыш кылганга жардам берген адамдар да колго түшүрүлгөн. Шылуундар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен жоопкерчиликке тартылат. Анда 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Телефон алдамчылыктын курмандыктарына шылуундар жакындары, туугандары, балдары кырсыкка учурап калгандыгы тууралуу кабарлап, ар кандай шылтоолор менен өздөрүнө акча котортуп жатышат. Башкы прокуратуранын статистикалык маалыматына ылайык, 2024-жылдын алты айында жалпы 5 539 факт катталган. Анын 4 181ине иш козголуп, дээрлик 75 пайызынын бети ачылган. Калгандарына учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Негизи технологияларды колдонгон шылуундар менен күрөшүү кыйын. Анткени анда адамдын ким экени боюнча маалымат жок болгондуктан аныктап чыгуу бир топ убакытты талап кылат. Бирок кылмышкердин бетин ачууда, аларга каршы күрөшүүдө ИИМдин бардык кызматкерлери заманбап технологиялар менен камсыздалган. Анын аркасында алдангандардын 50 пайызынын келтирилген чыгымдарын кайтарып алганга мүмкүнчүлүгү болду. Бул шылуундукту уюштуручулар — көбүнчө чет өлкөлүктөр. Андыктан жарандардын акчасы сыртка чыгып кетип, кайтарылбай калган учурлар да болот", — деди Аттокуров.
Мындан тышкары, Аттокуров коомго зыян келтирилген учур Кыргызстандын аймагында катталса ким тарабынан жасалганына карабай иш козголуп, жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады. Ошондой эле жарандарды телефон алдамчыларынан сак болууга чакырып, ИИМ тарабынан айтылган эрежелерди аткарууну өтүндү.