Радио

Өлкөдө 31-августка чейин 60 ишкана ачылат

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова Кыргызстандын ар бир облусунда өнөр жай ишканалары курулуп, жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алып жатканын айтты.
Sputnik
Өлкөдө 31-августка чейин 60 өнөр жай ишканасы ачылат. Учурда анын 25и ишке берилип, июлдун соңуна чейин дагы бешөө кошулат. Бул тууралуу Айнура Усенбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата быйыл өлкө боюнча 100 ишкана ачылары белгилүү. Анын алкагында бүгүнкү күндө процесс кызып, четинен аткарылууда. Өлкөдө 31-августка чейин 60 өнөр жай ишканасы ачылганы турат. Учурда анын 25и ишке берилип, июлдун соңуна чейин дагы бешөө кошулат. Негизи Экономика министрлиги жалпысынан 139 өнөр жай ишканасын координациялоодо. Бардык тобокелчиликтерди эске алып, жыл аягына чейин пландалгандар аткарылат деп турабыз. Бул тизме жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу түзүлүп, негизги жоопкерчилик аларга коюлуп, жеринен көзөмөлгө алынып, жаралган маселелер борбор аркылуу чечилет", — деди Усенбекова.
Ошондой эле мында инфраструктура маанилүү роль ойногондуктан компаниялардын көбү Чүй облусуна туура келип, анын саны 40тан ашарын кошумчалады.