26-июлга карата аба ырайы

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. 26-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +35…+40, Талас аймагында +33…+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +35…+40, Ысык-Көл жергесинде +27…+32, Нарын өрөөнүндө +28…+33 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа менен Ош шаарында +38…+40, Чолпон-Атада +29…+31 градуска чейин көтөрүлөт.
ӨКМ кайрадан жамгыр жаап, сел жүрөрүн эскертти