Танк менен кошо күйүп, бирок аман калган Апсамат Аширбаевди энеси тааныбай коёт

Sputnik
Апсамат Аширбаев 19 жашында согушка аттанат. Ага чейин Кемин районундагы “Жаңалыш” орто мектебинде иштеп жаткан. Курал чогултуучу катары кайра даярдоодон өтөт. Бир ирет душман менен кармашта анын танкасына ок тийип, немистер курчап алат. Ошол жерден командири “эми, танкадан чыкпай эле колго түшкөндө баарыбыз чогуу өлөлү” дейт. Немистердин “чык” дегенин укпай койгон жоокерлерди фашисттер саман менен сыртынан танканы өрттөй баштайт. Жай, танканын ичи аябай ысыйт.
Акыры биздин тараптан кошумча күч келгенде немистер танканы термикалык снаряд менен жардырып качат. Ошондо ээсин-жоготкон жоокерлер эч нерсе билбей калышат. Көрсө танканын люгу ачылып кетип, Ашырбаев учуп түшөт. Кийин госпиталдан көзүн ачат. Көрсө Темиркул Үмөталиев Ашырбаевдин танкасы экенин таанып, сөөгүн көөмүп коюу үчүн келип, чала жан жоокерди таап госпиталга жаткырган экен.
Согуштун баатыр жоокери Апсамат Аширбаевдин согуштагы жана андан кийинки өмүр жолу тууралуу уулу Чубак Аширбаев айтып берди.