Жайында көп таралган жаракаттар жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары

Sputnik
Балдар жайында көбүнчө кандай жаракаттарды алышат? Бала жыгылып, катуу жабыркаса эмне кылуу керек? Сыныктарга биринчи жардамды кантип көрсөтүү керек? Эмне үчүн мунарадан сууга секирүү коркунучтуу? Велосипедден кулап калуу кандай коркунучтар бар? Ушул жана башка суроолорго Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде жооп беребиз.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Спутниктен сүйлөйбүз" программасында Алмаз Назаралиев көбүнчө балдар сөөктөрү жана жумшак ткандары чоюлуп, катуу көгөрүп келип жатканын белгиледи.