Кесиптик кошуундардан Эмгекти көзөмөлдөө мекемеси эмнеси менен айырмаланат?

Sputnik
Өлкөдө эмгекчилердин укугун коргогон атайын мамлекеттик мекеме бар. Кесиптик кошуундар бирлигинен айырмасы, аталган мекеменин бүтүмдөрү жоопсуз калбаш керек. Бул мекемеге бир эле жеке менчик кызматтарда иштеп укугу бузулган жумушчулар эмес, мамлекеттик кызматты ээлеген жарандар да кайрылышат.
Республиканын жети облусунда тең иш алып барганы менен кээ бир аймактарда болгону бирден инспектор иштеген Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөөчү органдын ишмердүүлүгүн ичинен билип көрүүгө аракеттендик.