РФ ТИМи ЕБдин Арменияга берген жардамынын артында эмне турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Армениянын Куралдуу күчтөрүн колдоо иретинде 10 миллион евро жиберген Евробиримдик деструктивдүү таасирин Закавказьеге таратуу ниетинде. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Евробиримдиктин Арменияны колдоо үчүн жөнөткөн 10 миллион долларынын артында, албетте, ЕБдин бул аймакка, тагыраагы, Закавказьеге деструктивдүү таасирин таратуу жөнүндөгү геосаясий планы турат.
Менимче, ачык эле байкалып турат жана ал тургай Украинанын мисалынан эле көрүүгө болот. Европалык Тынчтык фонду деп аталган нерсе тынчтык үчүн эмес, туруктуулук же коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө эмес, бул согуш көп өлкөлөрдү чагымга кириптер кылуу, кан төгүү максатын көздөгөн", — деген Захарова брифингде.
ЖККУдагы өкүл: уюм Батыштын Кавказды чайпалтуу аракетин көрүп жатат