Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

РФ башкы прокурору: биздин мекемелердин ортосундагы ишеним жогорку деңгээлде

Прокурор билим берүү тармагында кызматташуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россиянын башкы прокурору Игорь Краснов Кыргызстандык кесиптеши Максат Асаналиев менен жолугушууда көзөмөл органдардын ортосундагы ишеним жогорку деңгээлде экенин белгиледи.
Сүйлөшүүлөр башкы прокурорлордун Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин 22-жыйынынын алкагында өттү.
Краснов Россия менен Кыргызстандын алакасы бардык багытта өнүгүп жатканын, бул тенденция прокуратуралардын кызматташтыгына да тиешелүү экенин белгиледи. Былтыр биргелешкен иш-чаралардын планы боюнча келишим жаңыртылган, жакында ишке аша баштайт.
"Жашы жете электердин интернеттеги коопсуздугун камсыздоо, кадрдык ишти уюштуруу жана башка актуалдуу маселелер боюнча пландан тышкаркы иш-чаралар эксперттик деңгээлде уюштурулду. Жакында Москвада прокурорлордун коопсуздугун камсыздоо боюнча тажрыйба алмашуу болду. Менимче, бул биздин мекемелердин ортосундагы жогорку деңгээлдеги ишенимди көрсөтүүдө", — деди Краснов.
Ал ошондой эле Россиянын Башкы прокуратурасынын карамагындагы университетте кыргыз прокурорлору квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып жатканын белгиледи. Анын айтымында, былтыртан бери кыргызстандыктар Россия прокуратурасынын университетинде жогорку билим берүү программалары боюнча окуп жатышат.
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
Башкы прокурор россиялык кесиптештерине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди