Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

Кыргызстан менен Россиянын башкы прокурорлорунун жолугушуусу кандай өттү. Видео

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев менен Россиянын башкы прокурору Игорь Краснов жолукту. Россиялык жетекчи Бишкекке ШКУ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлорунун отурумуна катышууга келген.
Sputnik
Краснов кесиптеши менен болгон сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуулар бардык тармакта өнүгүп жатканын, бул түздөн-түз көзөмөл орган тармагына да тиешелүү экенин белгиледи. Аталган органга элдин ишениминин жогору экенин айтып, Асаналиевди сентябрь айынын башында Владивостокто өтө турган Чыгыш экономикалык форумуна катышууга чакырды.

"Форумга сиздин катышууңуз иш-чаранын макамын көтөрөрүнө ишенем, ал эми Кыргызстандын бул жааттагы тажрыйбасы бардык катышуучуларга кызык болот", — деди Краснов.

Жолугушуунун соңунда башкы прокурорлор бири-бирине белектерин тапшырышты. Игорь Краснов Асаналиевге канжар, Россия прокуратурасынын 300 жылдыгына арналган күмүш тыйын, медаль жана почта маркасын берди. Ал эми Асаналиев россиялык кесиптешине Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдык мааракелик медалын, чүкө жана сүрөт белек кылды.
Тема боюнча:
РФ башкы прокурору: биздин мекемелердин ортосундагы ишеним жогорку деңгээлде