Радио

Мукамбетов: пенсияга чыгууда аралыктан документ толтурса болот

Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов пенсияга чыгууда электрондук түрдө арыз берип, документ иштерин аралыктан бүтүрсө болорун айтты.
Sputnik
Санариптештирүү боюнча биздин мекеме алдыда келе жатат. Жарандар көп кызматтарыбызды "Түндүк" мамлекеттик порталы же биздин расмий сайттагы "Жеке кабинет" бөлүмүнөн ала алышат. Ал тургай иштеп жаткан пенсионерлер аралыктан пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өздүк кабинетке кирүү үчүн Калкты тейлөө борборуна барып сыр сөз алыш керек.
"Республикада бардык мамлекеттик ведомстволор документ жүгүртүү иштерин санариптештирип жатат. Биз да бул жаатта алдыда келе жатабыз. Андан пайдаланып жарандар иш берүүчүсү социалдык төгүмдөрдү туура же туура эмес аткарып жатканын, пенсиянын топтомо бөлүгү канча болуп калганын, келишимде көрсөтүлгөн маяна төлөнүп же төлөнбөй калганын текшерип алса болот. Бул кызматтар "Түндүк" порталында жеткиликтүү. Андан сырткары, Калкты тейлөө борборуна бир жолу барып сыр сөз алып, биздин расмий сайттагы "Жеке кабинетке" катталып алса болот. Мындай жол менен иш убактысында бошобогон жарандар пенсияга чыгуудагы бардык процедуралардан өтө алышат. Керектелүүчү документтерди онлайн-форматта жүктөп коет. Социалдык фондго келип убара болуунун кажети жок", — деди Мукамбетов.
Ал пенсиялык төгүмдөрдү жүргүзүү канчалык маанилүү экенин студенттик курактан баштап түшүндүрүү зарылдыгын кошумчалады.