Радио

Мадиев: Кызыл китептеги жаныбарды аткандарды кабарлаган адамга сый акы берилет

Биологиялык ар түрдүүлүк департаментинин өсүмдүктөр менен иштөө башкармалыгынын жаныбарлар дүйнөсү менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарды кабарлагандарга берилүүчү сый акынын жол-жобосун түшүндүрдү.
Sputnik
Мыйзамга өзгөртүүлөр кирип, Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга салынуучу айып пулдар жогорулады. Ошондой эле браконьерлер тууралуу маалымат берген адамдар үчүн өндүрүлгөн айып пулдун 50 пайызы сый акы катары берилмей болду. Бирок мунун өз шарттары бар. Бул тууралуу Адис Мадиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сый акыны кабарлоочулар соттун чечиминен соң гана ала алышат.
"Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо жана аларга карата браконьерлик мамилени токтотуу максатында айып пулдар жогорулады. Ага ылайык, ак илбирсти аткандарга мурда 1,5 миллион сом айып салынса, эми 2 миллион, аркар, күрөң аюу, марал (бугу), жейренге мурда 1 миллион болсо, эми 1,5 миллион сом болду. Кийик 100 миң сомдон 300 миң сомго, элик атылган учурда мурда 50 миң төлөнсө, азыр 100 миң сомго чыкты. Түшкөн акчанын жарымы браконьер тууралуу маалымат берген адамдарга сый акы катары берилет. Бирок аны алуунун өз шарттары бар. Кызыл китепке кирген жаныбар атылган учурда иш сотко өтөт. Аткан адамдын материалдык абалына карап сот чечим чыгарат. Мисалы, биздин тажрыйбада чабандын эч кандай мүлкү жок болгондуктан сот айына 1000 сомдон мамлекетке төлөө чечимин чыгарган учурлар кездешет. Мындай абалда ай сайын төлөнгөн сумманын жарым бөлүгү маалыматты билдирген кишиге которулуп турат", — деди Мадиев.
Ал Кызыл китепке кирген жаныбарлардын наркы теңдешсиздигин, аны атуу менен жаратылышка зор зыян келтирилерин кошумчалап, адамдарды табиятка аяр мамиле жасоого чакырды.