Улуттук банктын июндагы валюталык интервенциялары резервдерге кандай таасир этти?

Майдын аягында алтын-валюталык резервдер 3,7 миллиард долларга бааланган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Улуттук банктын алтын-валюталык (эл аралык) резерви июндун этегине карата 3 миллиард 784,4 миллион долларга бааланган.
Ал бир айдын ичинде 65,6 миллион долларга өсүп, тарыхтагы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Буга чейинки максимум 3 миллиард 718,8 миллион доллар менен майдын соңунда катталган.
Белгилей кетсек, июнь айында Улуттук банк 120,1 миллион доллар сатып алып, 6 миллион 650 миң доллар саткан.
Улуттук банктын алтын кору дээрлик 3,4 млрд. сомго түштү