Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

Башкы прокурор: ШКУ — түйшөлдүргөн көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча

Кыргызстандын башкы прокурору менен ШКУнун баш катчысы жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму — актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча. Бул тууралуу Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев ШКУнун баш катчысы Жанеш Кейн менен жолугушууда билдирди.
"ШКУ — бул тармактагы түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулоо, тажрыйба жана маалымат алмашуу үчүн уникалдуу аянтча. Ал иштин майнаптуулугун арттырууга жардам берет. Уюм эл аралык кызматташтык жана заманбап чакырыктарга жооп берүү үчүн негиз болгон прокуратура институттары үчүн маанилүү платформа бойдон калууда. ШКУнун жыл сайын кеңейип жатканын көрүп жатабыз. Бул анын дүйнөлүк алкактагы бедели жана маанилүүлүгүнөн кабар берүүдө", — деди Максат Асаналиев.
Кейн чакыруусу жана жылуу кабыл алганы үчүн кесиптешине ыраазылык билдирди.
Жолугушуу башкы прокурорлордун Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин 22-жыйыны жана Түрк мамлекеттеринин кеңешинин 3-отурумунун алкагында өттү.
Кыргызстан 23 жыл мурда ШКУга кирген. Тарыхый видео