Пресс-борбор

Өзбек аткаминери: Кыргызстан мал чарбачылыгы боюнча бизден алдыда

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстанда майда жандык багууга кызыкдар. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министрлигинин КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси Бобур Расулов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышты.
"Кыргызстандык кесиптештерибизге кластер түзүүнү сунуштаганбыз. Эгерде биздин ишкерге Кыргызстандан мал багууга жер бөлүнүп, аны Өзбекстанга "жашыл" коридор аркылуу ташууга мүмкүндүк берилсе ишти баштайбыз", — деди Расулов.
Ал Кыргызстанда миллиондон ашык бодо мал, алты миллиондон ашуун майда жандык бар экенин белгиледи.
"Сиздерде мүмкүнчүлүк бар. Мал чарбачылыгы жаатында технология жана өзүн-өзү камсыздоо боюнча бизден алдыдасыздар", — деди ал.
Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба жаатында бири-бирине жардам берет