Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба жаатында бири-бирине жардам берет

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарбасын өнүктүрүүдө бири-бирине кандай жардам бере аларын экономист Нургүл Акимова айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышты.
17-июлда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жаңы технологияларды алмашуу жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн өзбек тарапка биргелешкен агроөнөр жай комплексин түзүүнү сунуштаган.
Акимова буга комментарий берип жатып, Кыргызстанда айыл чарба жерлери боюнча маселе курч экенин белгиледи.
Экономист Нургүл Акимова
"Өзбекстан айдоо жана мал чарбачылыгы үчүн жерди натыйжалуу пайдаланууда. Бирдиктүү кооперациялар, тажрыйба алмашуу аркылуу жерди жакшы колдонууну үйрөнсөк болот", — деди эксперт.
Эки өлкөнүн президенттеринин Ташкенттеги жолугушуусунда электроэнергияны өндүрүү жана суу бөлүштүрүү тармагындагы биргелешкен долбоорлор да талкууланган.
"Өзбекстан технологияларын бөлүшсө Кыргызстан анын ордуна суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга кепилдик берет. Гидроресурстарды башкарууда жана айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн илим, билим жана кадрлар керек. Өзбек дыйкандарынын ийгиликтүү тажрыйбалары аркылуу бул маселелерди чечсе болоруна ишенем", — деп сөзүн жыйынтыктады экономист.
Экономист: ЕАЭБ Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусуна көмөк көрсөтүүдө