Ошто мурдагы төрт аткаминер камакка алынды. Себеби

Кармалгандар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ошто мурдагы төрт аткаминер камакка алынды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимов, Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын башчысы Ильяз Сансызбаев, Оштун мурдагы башкы архитектору жана мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси УКМК тарабынан кармалган.
Алар кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип, ушул жылдын 18-сентябрына чейин камакка алынган.
Буга чейин Ош прокуратурасы бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Ак-Бууранын жээгинде мыйзамсыз курулуштарга уруксат бергенин билдирип, кылмыш ишин козгогон.
Эске салсак, 14-июлда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ак-Буура суусу ташып Ош шаарын каптаган. Селден турак жайлар, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Тилекке каршы, апаат беш адамдын өмүрүн алды.
Кара-Суунун акими мыйзамсыз жер берди деп шектелүүдө