Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

Башкы прокурор россиялык кесиптештерине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Башкы прокурор Максат Асаналиев россиялык кесиптеши Игорь Краснов менен жолугушууда Россия тарап көрсөткөн жардамга басым жасады.
Жолугушуу башкы прокурорлордун Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин 22-жыйынынын алкагында өттү.

"Жыйынга катышууңуз биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экениңизди гана көрсөтпөстөн, отурумду өткөрүүгө колдооңузду айгинелейт. Эртеңки жолугушуу тарнсулуттук кылмыштуулук, коррупция жана террорчулук менен күрөшүү боюнча кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болоруна үмүттөнөм", — деди Асаналиев.

Ал эки тараптуу жогорку деңгээлдеги алака үчүн ыраазычылык билдирди.
"Өзгөчө Россиянын прокуратурасынын университетинде кызматкерлерибиздин квалификациясын жогорулатуу боюнча долбоорлордун ийгиликтүүлүгүн белгилегим келет. Мындан тышкары, эки көзөмөл орган 2024-2025-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралардын планын ишке ашыруунун активдүү фазасында турат. Россиялык кесиптештерибиздин алаканы өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз жана мындан ары да мамиленин чыңдалышына умтулабыз", — деди Кыргызстандын башкы прокурору.
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
Бишкекке Россиянын башкы прокурору Игорь Краснов келди