Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

Краснов: Кыргызстандын инвесторлорду коргоо тажрыйбасы кызыгуу жаратат

3-сентябрдан 6-сентябрга чейин Владивостокто экономикалык форум өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россиянын башкы прокурору Игорь Краснов кыргызстандык кесиптеши Максат Асаналиевди IX Чыгыш экономикалык форумуна катышууга чакырды. Ал Кыргызстандын бизнести коргоо жаатындагы тажрыйбасы катышуучуларды кызыктыра турганын билдирди.
Тараптар Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 22-жыйынынын алкагында жолугушту.
Аталган форум 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин Владивостокто өтөт. Анын алкагында ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоого арналган сессия болот.
"Сиздин катышууңуз иш-чаранын статусун жогорулатат. Кыргызстандын тажрыйбасы бардык катышуучуларды кызыктырат деп ишенем", — деди Краснов.
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
Башкы прокурор россиялык кесиптештерине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди