Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

Бишкекке Россиянын башкы прокурору Игорь Краснов келди

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. ШКУга мүчө мамлекеттердин прокурорлорунун 22-жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Россиянын башкы прокурору Игорь Краснов келди.
Аны аба майдандан Кыргызстандагы Россиянын элчиси Сергей Вакунов, башкы прокурордун орун басарлары Малик Бектурганов жана Нурбек Каимов тосуп алды.
1 / 2

ШКУга мүчө мамлекеттердин прокурорлорунун 22-жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Россиянын башкы прокурору Игорь Краснов келди

2 / 2

Аны аба майдандан Кыргызстандагы Россиянын элчиси Сергей Вакунов, башкы прокурордун орун басарлары Малик Бектурганов жана Нурбек Каимов тосуп алды

"Иш сапардын алкагында Игорь Краснов Жеңиш аянтындагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган эстеликке гүлчамбар коет", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан менен Россиянын башкы прокурорлору жолугушат.
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
Бишкекке прокурорлордун жыйынына ШКУ жана ТМУ өлкөлөрүнөн 16 делегация келет